Бишкек шаарында белгисиз адамдар мурдагы саясатчы Нурлан Мотуевге кол салышты.
Бул тууралуу маалыматтар социалдык тармакка тарады.
Кол салуу саат 13:30 чамасында борбордук мечиттин маңдайында болгон (Москва жана Гоголь көчөлөрү).
Күбөлөр кол салуу учурун видеого тартып ала алышкан эмес, бирок алардын айтымында Нурлан Мотуевди бир нече жолу бетке урган.