8 C
Bishkek
25.02.2020
Коом

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкекте үч эм төрөлдү

13-февраль күнү Бишкектеги энени жана баланы коргоо улуттук борборундагы төрөт үйүндө үч эм кыз төрөлдү.

Алардын апасы 37 жаштагы шаар тургуну. Ымыркайлардын салмагы – 2,700, 2, 560 жана 2,800 кг.

Саламаттык сактоо министрлиги кыздардын абалы жакшы экенин кабарлады.

Кыргыз өкмөтү былтыр ноябрь айында үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлгөн шартта, жарык дүйнөгө келген ар бир бала үчүн 50 миң сомдон берүүнү чечкен. 2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда балага сүйүнчү чегерилген. Сүйүнчү акча бир бала үчүн 4000 сом. (TSh)

Окшош жаңылыктар

Жүргүнчү ташуучуларга рейд болот

Adminring

Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 95 жыл болду

Adminring

Жарандардын президентке болгон кайрылуусу жоопсуз калбайт

Adminring
Яндекс.Метрика