Бишкекте ала качылган кыз муунтулуп өлтүрүлгөн абалда табылды

Бишкек шаарында эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн 7-апрель күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Аламүдүн РИИБине Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосунда унаанын салонунда кыз менен эркек кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып маалыматты тактаганда, Honda Civic үлгүсүндөгү унаа табылган. Белгилей кетсек, аталган унаа кыз уурдоого шектелип изделип жаткан унаа экендиги аныкталган.

Унаанын ичинде 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жансыз денеси жана 1985-жылы туулган ТЗ. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Алардын денесине кароо жүргүзгөн учурда эркектин бычактан жаракат алгандары аныкталган.

Жергиликтүү тургундар аталган унааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөндөрүн бирок баткакка тыгылып калды деп маани бербегендерин билдиришкен. 7-апрель күнү келип, унааны караганда унаадан жансыз дене көрүп милиция чакырганын айтышкан.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча Т.З. аттуу жаран кыз менен пикир келишпестиктен улам аны муунтуп өлтүрүп, андан кийин өз өмүрүнө ар кандай бычак жарааттарын келтирип кол салган.

Учурда ар тараптуу тергөө иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Кошумча маалымат берилет“, – деп билдиришти шаардык милициядан.

error: Content is protected !!