Бишкекте айрым мектептерде класстар карантинге жабылды

Бишкекте айрым мектептерде класстар коронавирус илдетине байланыштуу карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районундагы №48 мектепте бир класс, №70 мектепте 1 класс карантинге жабылган. Ал эми Ленин районунда №9 мектепте 2 класс, №13 мектепте бир клаас, №8 мектепте 1 класс жабылган.
Свердлов районунда №11 мектепте бир класс, №38 мектеп бир класс, №4 мектепте 3 класс, №65 мектепте бир класс, №66 мектепте 1 класс жабылган.
“Урматтуу ата-энелер! Эгерде балаңыз ооруп калса, аны мектепке же бала бакчага жөнөтпөңүз. Урматтуу жарандар! Эгерде сиз ооруп жатсаңыз, жумушка чыкпаңыз, бет кап кийиңиз, колуңузду тез-тез жууп туруңуз же антисептик колдонуп эмдөө алууңузду суранабыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз”, – деп кайрылат шаардык мэрия. 
error: Content is protected !!