Бишкекте “АгроТехЭкспо-2021” көргөзмөсү ачылды

Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкек шаарынын эски аянтында “AгроТехЭкспо2021” көргөзмөсүнө жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкеси ачылды. Анын ачылышына президенттик администрациясынын жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков баштаган аткаминерлер катышты.

Көргөзмөдө айыл чарба техникасы, асыл тукум мал-жандыктар жана өсүмдүктөрдү өстүрүүдө, мал чарбасына колдонулуучу жаңы технологиялардын түрлөрү көрсөтүүгө коюлду. Органикалык азыктарды өндүргөн дыйкан-фермерлер өз продуктуларын эл баасына жайды.

“АгроТехЭкспо” көргөзмөсү бир нече жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл 22-октябрда башталган иш-чара 23-24-октябрда да уланмакчы.

Министр Аскарбек Жаныбеков жыйында кабарлагандай, 2021-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында Кыргызстандын айыл чарбасы 246,6 млрд. сомдук продукция өндүрдү. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 57 млрд. сомго көп.

error: Content is protected !!