Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
20 C
Bishkek
23.09.2019
Башкы жаңылыктар

Бишкек ТЭЦтеги көмүр мафиясындагы Атамбаевдин ордун кимдер баскысы келип жатат?

Бишкек ТЭЦтеги көмүр мафиясындагы Атамбаевдин ордун кимдер баскысы келип жатат?

 Атамбаев жетектеген көмүр  мафиясы

Жыл сайын Бишкек ТЭЦке Казакстандан көмүр сатып келүү үчүн тендер жарыяланат. Ушул жерде мурунку бийликтин тушунда өлкөдөгү эң чоң коррупциялык схема түзүлгөн. Азыр ошол коррупциялык схеманы көзөмөлдөгөн көмүр мафиясы боюнча кылмыш иш козголуп,  тергөө иши жүрүп жаткан кез. Көмүр мафиясынын курамы кимдерден түзүлгөн? Булар мамлекетке канча көлөмдө зыян келтиришкен?

Мафиянын анабашчысы, көзөмөлдөөчүсү Алмазбек Атамбаев. Аткаруучусу, көмүрдү ташып келүүчү Болот Абиров. Буйрукту аткарган Осмонбек Артыкбаев. Көмүр менен камсыз кылгандар казак олигархы Александр Машкеевич, “Граф” деп таанылган Алижан Ибрагимов, өзбек жараны, олигарх Патох Шодиев. Ушул топ 6 жылда эле Кыргызстандын бюджетине 100 млн доллардан ашык зыян келтирген.

Көмүр мафиясы тууралуу маалыматтардын чети 2014-жылы чыга баштаган.  Ошол жылы да Бишкек ТЭЦке 600 миң тонна “Д” маркасындагы көмүр ташып келүү боюнча тендер жарыяланат. 2013-жылдан тартып ТЭЦке көмүр ташып баштаган,  Болот Абиров ээлик кылган (Чыныгы ээси Александр Машкеевич деп айтылат)   “Прогресс компани” ЖЧКсы бул сапар Казакстандын “Жезказган энергосбыт” деген компаниясына уттуруп жиберет. “Жезказган энергосбыт” Абировдун ЖЧКсына салыштырмалуу 3 долларга арзан бааны сунуштайт.

Көмүр мафиясынын анабашчысы Атамбаев мындай бурулушту күтпөгөндүктөн, чууну катуу салып, ошол учурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев менен башкы прокурор Аида Салянованы өзүнө чакырып алып, бир гана “Прогресс компани” менен келишим түзөсүңөр деген буйрук берет.  “Достору” Александр Машкеевич, Алижан Ибрагимов, Патох Шодиевге уят болуп калуудан корксо керек. Себеби, “мафиянын” ушул 3 адамы Көчмөндөр оюндарында Атамбаев менен чогуу болушкан. Атамбаевдин 60 жылдык юбилейинде ардактуу конок болуп кетишкен. Болот Абиров жетектеген “Прогресс компани” ЖЧКсы көмүрдү Машкеевич, Ибрагимов, Шодиев ээлик кылган Шабыркуль көмүр кенинен Бишкек ТЭЦке ташып келет.

2016-жылы булар айтылып жаткан маалыматтардан качуу же өздөрүнүн кылмыш изин учурунда тазалоо максатында “Прогресс компани” ЖЧКсын жабышып, ордуна жаңы “Рассвет компани” ЖЧКсын ачышат. Ошол жылдан баштап 2018-жылга чейин Бишкек ТЭЦке көмүр мафиясы “Рассвет компани” ЖЧКсы менен көмүр ташыйт. Бул ЖЧКнын ээси баягы эле Болот Абиров болот. Кантип эле Атамбаев президент болуп туруп, ушул көмүр коррупциясына аралашсын? – деген шек саноо болуп, ишенгиң келбейт. Тилекке каршы, ушул иштердин башында Атамбаев өзү турганы тууралуу көрсөтмөнү камакка алынган Осмонбек Артыкбаев, Аида Салянова бергени ачыкталбадыбы. Атамбаевдин көмүр мафиясынын анабашчысы болгонуна дагы бир мисал. 6 жыл Бишкек ТЭЦти казак көмүрү менен камсыз кылып келген Болот Абировдун “Прогресс компани” ЖЧКсынын капчыгында болгону 700 миң сом эле болгон. 700 миң сом менен 2 млрд сомдук ишти аткарганга Абировдун кужурети жетет беле? Азыр Болот Абиров кайда? Өлкөнү таштап четке качып кеткени айтылып жүрөт. Көмүр мафиясына аралашпаган таза болсо качып кетет беле? Атамбаев көмүр мафиясын көзөмөлдөбөсө, ага Бишкек ТЭЦке ташылган көмүр коррупциясы боюнча айып тагылат беле? Албетте жок. Көмүр мафиясындагы эски жүздөр Атамбаевдин камалышы менен күм-жам болду. Бирок, мафия эски жүздөрдөн тазаланганы менен кайра эле жаңы жүздөр менен толукталып жатат.

Көмүр мафиясындагы жаңы жүздөр

Быйыл дагы Бишкек ТЭЦке мурункудай эле “Д” маркасындагы  көмүр сатып алуу үчүн “Электр станциялары”  1 миллиард 420 миллион сомго тендер жарыялады. Көмүр сатып келүү үчүн “ТОО AB Energo”, “COMCO Marketing KZ”, “Qiyaqty Komir Market”, “КонтактУглеПром”, жана “Бишкеккөмүр соода үйү» ЖЧКсы арыз беришкен. Ушул 5 компаниянын төртөөсү казак компаниялары, бирөөсү гана жергиликтүү компания. Эмне, бизде көмүр ташып келүү үчүн компания жокпу? Албетте бар. Бирок, акчаны көргөндө көзү кызарган адамдар жергиликтүү компанияларды катыштырууну каалабайт.

Төрт казак компаниясынын көмүр ташып келүүгө кызыкдар болуп жатканы жөн жерден эмес экен. “Электр станцияларынын” бөлүм башчылары, башкармалыктын жетекчилери А.Т, Б.М баштаган комиссия  7-июлдан 10-июлга чейин Казакстанга барып келишкен. Алардын максаты казак көмүрүн карап чыгуу болгон. Бирок, бул адамдар ал ишти экинчи планга коюшуп, казактардын компаниялары менен “Биздин тендерге катышкыла, быйыл “Прогресс компани”, “Рассвет компани” катышпайт” деп жашыруун сүйлөшүү жүргүзүп чыгышат. Таза иштейм деп келген компанияларга эч кандай тоскоолдуктар жаралбашы керек. Бирок, биздикилер шек жараткан компанияларды жетелеп келгени көп сөздү жаратууда. Кылмыш иш козголуп, качып кеткен Абиров Бишкек ТЭЦке алып келген Шабыркулдүн көмүрүн  “КонтактУглеПром” деген компания ташыйм деп тендерге катышып жатат. Көмүр мафиясын түптөөчүлөрү Машкеевич, Ибрагимов, Шодиев эми ушул компания аркылуу ТЭЦтеги мурунку ишин улантууну көздөөдө деп шек саноого толук негиз бар. Абиров качып, Атамбаев камалганы менен “Электр станцияларында” көмүр коррупциясын ишке ашырып жүргөндөр калышкан. Ошолор “Прогресс компани” жана “Рассвет компани” ЖЧКсынын ордун басып калуу үчүн “КонтактУглеПром” компаниясын түртүп жатышканын ишти ичинен билген булагыбыз айтып берди.

Казакстанга барып келген “Электр станциянын” адамдары казактар менен “Силердин көмүр бизге туура келбейт. Бирок, сүйлөшсөк болот” деп сүйлөшүү жүргүзүп, алардын техникалык көрсөткүчтөрүн өзгөртүп, сапаттуу эмес көмүрдү сапаттуу деп көрсөтүп, 2-3 млн долларды “ап” этип койгулары келип жатканын укук коргоо органдары  ачыктап чыгабы?  “КонтактУглеПром” компаниясынын артында мамлекетке 100 млн доллардан ашык зыян кылып, азыр качып жүргөн Болот Абировдун дагы кулагы чыгып калышы мүмкүн деп шек саноого болчудай. Себеби, Абиров дагы Бишкек ТЭЦке Шабыркуль көмүрүн ташып келген. Анын Машкеевич, Ибрагимов, Шодиев менен мамилеси абдан жакшы. Шабыркуль көмүрү күйгөндө 45-50 пайызга чейин уча турган уулуу зат бөлүнүп чыгат экен. Адистердин айтканы боюнча, бул көрсөткүч  40 пайыздан ашкан көмүрдү жакканда Бишкек ТЭЦтин буу казандары жарылып кетиши мүмкүн. Буга дагы бир далил, 2018-жылдын 26-январындагы Бишкек ТЭЦтеги жарылууну айтса болот. ТЭЦтин кызматкерлери жарылуу болуп, айнек терезелердин баары сынып, чатыры ачылып калып, эшиктеги катуу суукта суу тоңуп калып, ири авария болду деп айткандарына көңүл буруу зарыл. Быйыл дагы “Электр станцияларынын” кээ бир адамдары учуучу уулуу затты нормадан көп бөлүп чыгарган Шабыркулдүн көмүрүн алып келебиз деген “КонтактУглеПром” компаниясын жеңүүчү кылганга ашыгып олтурушат. Кокус, кышында дагы бир жолу ТЭЦте жарылуу болсо ким жооп берет? Миллиондогон долларды алгандар ысык олтурушса, карапайым калк азабын тартышат. Өкмөтүбүз жууркан таратканга акыбалы жетпей жүдөйт. Кеч боло электе Атамбаевден калган көмүр мафиясына жаңы жүздөр менен  жаңыланышына жол бербей, тамырын кыркыш керек. Булар күчкө кирип алгандан кийин Атамбаевден ашып түшүшөт.

Булак: “Ring.kg”

Окшош жаңылыктар

Кроколдилдей жутканга маш болгондордун саны толук 120 болбосо да 80ди чапчып жыгылат

Adminring

“Раим-миллиондун” погуна бийликтен эч ким куурай сая албайбы?

Adminring

Турдакун Усубалиевдин атын аянтка ыйгаруу сунушталууда

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика