“Бишкек Парктын” дааратканасында 13 жаштагы кыз зордукталган. Окуянын чоо-жайы

“Бишкек Парктын” дааратканасында 13 жаштагы кызды зордукталган. Зордукчуну сот эркиндикке чыгарып койгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Айсулуу Мамашева айтып чыкты.

“Мага “Бишкек Парктын” дааратканасында зордукталган 13 жаштагы кыздын апасы кайрылды. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу кыздын зордукталганын далилдеген экспертизанын жыйынтыгы бар экендигине карабай зордукчуну эркиндикке чыгарып жиберген. Муну кандай түшүнсө болот?”, – дейт ал.

Анын айтымына караганда, кызды зордуктаганга шектелген жаран 22 жашта.

“Зордуктаган жигит мурун балдар лагеринде иштеген жана ал жакта зордуктоо фактылары болгон. Соттор коё бергенине караганда анын чоң колдоочулары бардыр?.. прокурорлор да, башкалары да кыздын укугун коргой албай атат. Мен судья Эрнис Айбек уулуна кайрылам, анын уяты барбы? Зордукчу дагы, судья дагы өспүрүм кыздын тагдырын талкалады. Учурда бул иш Жогорку сотко өткөн. Мындай маселелерге соттор акыйкат мамиле кылышы керек, мындай биздин өлкөдө болбошу керек”, – дейт Айсулуу Мамашева.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика