Бишкек-Ош унаа жолунда тазалоо иштери жүрүп жатат

Бишкек-Ош унаа жолунда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каар жаап, шамал болуп жатканына байланыштуу Ала-Бел ашуусунда, жол тоңуп жол тыгыны пайда болгон. Жерине №23 жол тейлөө ишканасынын техникалары тартылып, каарды тазалоо жана жолго кум чачуу иштери жүргүзүлүп жатат.

error: Content is protected !!