Бишкек мэриясынын аппаратына жаңы жетекчи келди

Адилет Малдыбаев Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине мэриядан билдиришти.

Буга чейин Малдыбаев Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

Ал эми мэриянын аппаратынын мурунку жетекчиси Балбак Түлөбаев кечээ, 27-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика