-Жер – Үй боюнча айтайын. Бажаев 600 млн. доллар карызыңарды төлөп Жер – Үйдү алдык деп айткан. Мени менен премьер-министр Абылгазиев жолукканда да алар биздин 600 млн. доллар карызыбызды төлөдү деди. Ал кимдин карызы? Азыркы бийлик изилдедиби?  Ал 1994 – жылы 200 млн. доллар экенин Дастан Сарыгулов айтыптыр. Эгер биз Жер – Үйдү  ошол учурда иштетебиз деген фирмалардан алып койсок алар бизди  эл аралык сотко берип, 200 млн. доллар төлөп калабыз деп айтыптыр. Муну 1994-жылы сентябрь айында айтып жатат.

Эми 1994-жылдагы 200 млн. доллар деген карызды Абылгазиев бүгүн 600 млн. деп айтып жатат. Өкмөттүн ошондой карыз болгондой юридикалык милдеттемеси барбы? Жок. Же болбосо карыз деген  соттун чечими барбы? Жок. Анда 600 млн. кайдан келди?  200млн. кайдан келди дегенди иликтеген барбы? Жок. Мен Абылгазиевге жолукканда айтым. 600 млн. деп эле чет өлкөдөн бир фирма айтса, бере бересиңерби, – дедим?

Мына ошентип Кыргызгазды дагы 47 млн. доллар Газпром карызды төлөп жатат деп, бир долларга берип салышты. Ошол 47 млн. кимдин карызы аныкташтыбы? Жок.

Анда эмне себептен элдин ырыскысын берип жатышат? Кечээ Таласта 600 млн. доллар карызыңарды төлөдүк деп Шукшин дегени айтты. 600 млн. ал кыргыздын карызы эмес. Ал ошол 1992-жылы Бирштейин Акаев экөөсү таратып жибергенде эл аралык уюмдар Жер – Үйдү бири бирине сатып келе жаткандыгы эле карыз. Ал биздин карыз эмес. Эмне үчүн бүгүнкү бийлик ошону айтып чыкпайт. Чет элдик фирмалар өздөрү бири бири менен сотошо бергиле десе болот да. Ошол айткандын ордуна дагы бир англичанды өкмөт алып келип, Бирштейинге окшотуп Бизнес акыйкатчы кылып отургузуп койду. Бирштейин да ушинтип келген. Азыр Абылгазиевдин аппаратында отурат. Мингенге машинасы, жардамчылары бар экен.

Кыргызстандагы ар бир кен байлыктарда элдин үлүшу бар. Биз мекенчил күчтөр ушуну элдин аң сезимине киргизип жатабыз. 1000 тонна болсо 600 тоннасы элдики. Россияда газ, кен байлыкта 51 пайыз акция мамлекеттин колунда турат.  Өзбекстанда алтындын 76 пайызы мамлекеттин колунда. Мындан ылдый түшүрбөйт.   Бизде нөл пайыз. Мындан сырткары дагы бирөөлөргө берген параларын силердин карызыңар десе ошону да моюнга алып отурабыз. Ошондуктан азыркы бийлик катуу туруп койсо эле алар кимдерге акча бергенин айтып чыгышат. Төртүнчү, бешинчи президент ушуга барбай жатат.

1991-жылы Кыргызстан Демократиялык Кыймылы эмнеге таркап кеткен? Кумтөрдүн айынан таркаган. 2007-жылы парламентти таркатып жиберген? Так ушу Кумтөр маселесин карап жатканда таркап кеткен. Легендарлуу парламент дагы 1994-жылы ушу маселени парламентте карайбыз дегенде таркаган. Ар дайым алтын, кен байлыктардын маселеси бийликтин башын жеп келген.

Президенттер да кен байлыктардын айынан куулуп кетип жатат. Алардын башкы коррупциясы да ушул болуп келет.