Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
12.4 C
Bishkek
14.10.2019
Саясат

Бекболот Талгарбеков,    коомдук ишмер:“Жээнбеков олуттуу реформаларга барбаса, эл күтүп олтурбайт”

Бекболот Талгарбеков,    коомдук ишмер:“Жээнбеков олуттуу реформаларга барбаса, эл күтүп олтурбайт”

— Бизде революциянын лимити бүттү деп айтылып жатпайбы. Анткени, күчтүү оппозиция президентти күч менен кетирүү жолуна түшүп жатат. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков одоно ката кетире элек. Ушул дагы негизги себептердин бири болууда. Эгерде чоң ката кеткенде оппозиция чыга калмак. Күчтүү оппозиция жок болуп жатканын шарттуу эле деп эсептейм. Себеби, көпчүлүк саясатчылар ачыкка чыкпай шайлоого даярданып жатышат. Шайлоодо нааразычылыктар жаралышы мүмкүн. Эмнеге дегенде, баары эле шайлоодон өтпөйт. Азырынча бийлик тараптан олуттуу реформалар жүргөн жок. Ушул маселени алып чыгып, элдин нааразычылыгын көтөргөнгө аракет кылган күчтөр чыгышы мүмкүн. Элдин арасында нааразычылыктар бар экенин баарыбыз жакшы билебиз. Оппозиция деген чөпкө окшоп жай өсүп чыкпайт. Шарты келсе бат эле чыга калат. Азыркы президент олуттуу маселелердин бирин жөнгө салды десек болот. Атамбаевдин 2 жылга жакын ызы-чуу салганын жөндөй алды. Эми Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик экономикада, сот тармагында олуттуу реформа жасаганга билек түрүнүп киришиши керек. Мындай аракеттер болбосо, эл күтүп олтурбайт. Элдин маанайына жараша оппозиция чыгат.

Окшош жаңылыктар

Кудалардан качан кутулабыз?

Adminring

Канат Исаев деген ким? Ал…

Adminring

Текебаев темир тордон чыкканы калдыбы?

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика