Бек Борбиев: “Бул жигиттер Кыргыздын желегин дагы далай жерде желбиретишет”

Кыргыз эстрадасынын ырчысы Курал Чокоев чуулгандуу автордук шоусунун кесепетинен “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинен ажыратылганы маалым. Министрликтин мындай чечимине ырчылардын жоон тобу каршылык көрсөтүп өз пикирлери менен бөлүшүүдө. Ал эми белгилүү ырчы Бек Борбиев да бул жагдайга өз пикирин фейсбук баракчасы аркылуу билдирди:
“Курал, Кайрат инилерим учун коомчулуктан кечирим сурайм
Россиянын «Прожарка» беруусун туураганы аракет кылышыптыр. Бирок бизде менталитет башка, биздин эл мындайды аш кылган эмес, жана кылалбайт. Ооба согунгонду ким билбейт, баарыбыз билебиз. Озгочо мага окшогон Торкендин суусун ичкен, интернаттын кашасын жеген, Советтик Армияда кызмат отогондор жакшы эле билебиз)) Бирок ал «талантты» эл алдына алып чыгуунун кереги жок эле
Достор, бул проект АКШдан башталып, дуйно жузуно таркап кеткен. Бугун биздин жигиттер ойлоп тапкан жери жок, ошолорду тууроо гана аракети. Андыктан кечиримдуу бололу. Биздин бул жигиттер Кыргыздын желегин дагы далай жерде желбиретишет. Ал эми сыйлыктарын алабыз дегени боюнча. Маданият министирлиги менен шоубизнес тармагы 30 жылдан бери кошулбаган эки башка тармак. Бул масалени эстрада окулдору жакшы билебиз. Министирликтин олко боюнча миндеген кызматкерлери, башка иштери толтура, ошолор менен алек болсун, абдан коп койгойлору
Ал эми Курал, Кайрат коомчулуктан жонунарга камчыны алдынар. Эми чыгармачылык менен алектенип, угарман, куйорманынарды тарбия таасири зор, махабатты даназалаган ырлардан жаадыргыла
Мудурулбос туяк, жанылбас жаак болбойт. Алга”,- деген жеке пикирин калтырды.
error: Content is protected !!