Баткендин кышка камылгасы облустук жыйында катуу каралды

БАТКЕН. Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максүтовдун жетекчилиги астында облус активи катышкан жыйын өткөрүлдү.

Аталган жыйында үч маселе күн тартибине коюлду. Адегенде  облустун кышка кандай даярдык көрүп жаткандыгы боюнча маалыматтар айтылып, от казандардынын абалы катуу талкууланды. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов кышка даярдык боюнча бир катар жетекчилердин ишин абдан катуу сындады.

  • Ар бир социалдык мекемеде жылуулук жана үзгүлтүксүз

электр энергия менен камсыздоо үчүн эмитен олуттуу кемчиликтер жоюлуп, жумуштар иш жүзүндө аткарылышы абзел! Сиздер дайыма 100 пайыз даярбыз деп айтасыздар, бирок, кыш келгенде маселелер чекесинен чыга баштайт. Андыктан, кышка даярдык көрүүдө кылдат мамиле кылуу абзел! Мен сиздерден бир жума ичинде даярдыкты 80 пайызга жеткирүүгү абдан катуу талап кыламын! – деди Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максүтов.

Мындан тышкары аталган жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата шайлоо тилкелериндеги даярдык, кызматкерлердин жана шайлоочулардын коопсуздугу үчүн санитардык талаптарды аткаруу, ар бир шайлоочуга шарт түзүү дагы катуу талкууга алынды. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов район, шаарларда шайлоону өткөрүү боюнча атайын ишеним телефонун уюштурууну дагы сунуштады.

Соңунда Баткен облусунун  аймагындагы Санарип Кыргызстан программасынын алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча кенен-чонон сөз жүрдү. Айыл аймактарга интернет жеткирүү, женргиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чарба китептерин электрондоштуруу, саламаттык сактоо, билим берүү тармагында интернет байланышынын ылдамдыктагын жогорулатуу жана жарандарга электрондук кызмат көрсөтүэүлөрдү жандандыруу маселелери дагы көңүл сынтынджа калган жок.