Баткен облусунда сексенден ашуун көмүр сатуучу бекеттер уюштурулду

БАТКЕН. Ушул тапта Баткен облусунда 255,7 миң тонна көмүр казылып алынды. Ал эми 2020-2021-жылдын күз кыш мезгилине калкка жана социалдык тармактарындагы мекеме- ишканаларга  жалпысынан 120 миң тонна көмүр керектелет.

2020-жылдын январь-июль айларында  облустун аймагында  255,7 миң тонна көмүр казылып алынды. Жыл аягына дейре дагы 450  миң тонна “кара алтын” казып алуу божомолдонууда. Ошондуктан, калкты жана мекеме-ишканаларды көмүр менен камсыздоо дегеле маселе жаратпайт. Карьер ыкмасында  казылган 1 тонна  көмүрдүн наркы жайындасы  2,7 миң  сомдон сатылат. Ал эми шахталардан чыккан көмүр 2,8 – 6,0 миң  сомго дейра бааланат.

Бюджеттик тармактагы мекеме-ишканаларды көмүр менен камсыз кылууда  бардык  аймактарда сынактар өтүп, түзүлгөн атайын келишимдердин негизинде гана “кара алтын” сатып алууга керектелүүчү каражат такталган. Ушул тапта Баткен облусундагы билим берүү тармагына керектелүүчү 11,6 миң         тонна көмүрдүн 1,98 миң тоннасы  же 17 пайызы кампаларга ташылып жеткирилди. Дагы керектелүүчү 47,9  миллион сом акча каражатынын 13,7 миллион сому каржыланып 28,9 пайызды түздү. Мунун ичинен  жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7,4 миллион сом,  республикалык бюджет эсебинен (теңдештирүү гранттын эсебинен) 6,5 миллион сом  жалаң көмүр сатып алуу үчүн которулган.

Саламаттыкты сактоо тармагына  жалпысынан 2118,7 тонна көмүр керектелсе, иш жүзүндө 691,7 тонна даярдалып,  тапшырма дээрлик 32,6 пайызга аткарылды. Саламаттык сактоо тармагында 16 ирилештирилген медициналык борборлорунда 182 (89 ГСВ, 92 ФАП) мекеме камтылган. Негизинен саламаттыкты сактоо тармагында 219  имараттын   156 обьекти  көмүр менен жылытылат. Аймактын климаттык шартка  байланыштуу көмүр корун камдоо  сентябрь-октябрь айларда аткарылышы пландалууда.

Электр тармагында авариялык учурларда облустун аймагында таажы илдети жана пневмония менен ооругандарды дарылоо обьектилеринде электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо максатында альтернативдик дизелдик генераторлорлор  менен камсыздоо  жөнүндө тапшырма  тийиштүү Аймактык башкармалыктардан дагыле катуу талап кылынууда.  Жалпысынан ооруканаларда 39 элекро генератордон 31си гана жарактуу. Мындан тышкары мектептерде окуу жылдын биринчи чейрегиндеги окуу жараяндары телеканалдар аркылуу дистантык режимде жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу окутуу маалында электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо талаптары  дагыле көңүл борборунда турат.

Баткен жергесинде калкты көмүр менен камсыз кылууда облустун аймагында 58 стационардык жана 24 мобилдик көмүр сатуучу бекеттер калккка туруктуу кызмат көрсөтүп жатышат. Отчеттук мезгилге карата жергиликтүү калк тарабынан  32,6 миң тонна, же 36,4 пайызы көмүр кору камдалды.

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз