Балбан Жоламан Шаршенбеков Азия чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медал тагынды.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Шаршенбеков бүгүн, 20-апрелде грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта финалда ирандык Мехди Сейфоллах Мохсен Нежадди 4:0 эсебинде жеңди. Аталган балбан менен Шаршенбеков 2020-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатынын жарым финалында беттешип, 9:2 эсебинде жеңишке жеткен. Финалдык беттешке чейин Шаршенбеков эки атаандашын уткан. Алгач чейрек финалда монголиялык Балжиннийам Цевеенравданды 8:0 эсебинде, жарым финалда казакстандык Ернур Фидахметовду 6:1 эсебинде жеңди.

error: Content is protected !!