Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
16 C
Bishkek
24.09.2019
Саясат

Бабанов “Бийликке келсем Жээнбековдордун үй-бүлөсүн четинен кырам” дегенин кантип жокко чыгарат?

Бабанов “Бийликке келсем Жээнбековдордун үй-бүлөсүн четинен кырам” дегенин кантип жокко чыгарат?

Бир жыл тогуз ай өлкөгө келалбай качып жүргөн Өмүрбек Бабанов дагы 7-август күнү Атамбаевдин үйүндөгү окуядан кийин бир орунда тура албай, болду эми, бийликтин иши бүттү, Атамбаев спецназды талкалады, бийликти колго алат, ушундай кырдаалда барып калайын деген кыска ой жүгүрттү окшойт. 8-август күнү аэропортко келип, “Мына учуп жатам” деп самолётко олтурганга чейинки сүрөттөрүн социалдык тармак аркылуу коомчулукка жарыялап, Атамбаевдин колго түшкөнүнө ишене албай, аргасыз учуп келген Бабанов “Тынчтыкты орнотконго келдим” деп өзүн өлкөдөгү номур бир тынчтык орнотуучу катары көрсөткөнгө аракетин көрүүдө.

Биздин атайын кызмат деле эки сүйлөгөн эркекке окшогон эле неме экен. “Бабанов келери менен мыйзам чегинде жооп берет”, “Камалат” деп бир нече жолу айтып алып, “Публично” келген Бабановду 12 күндөн кийин суракка чакырды. Ушул дагы атайын кызматпы? УКМКга суракка кирип чыккан Өмүрбек Бабанов “Каматпаганына президентке чоң рахмат” деп Жээнбековго ыраазы экенин билдирди. Бабанов менен УКМК коомчулукка маалымат берүүдө бири-биринен эч айырмаланбайт экен. Себиби, УКМК Бабанов камалат деп сүйлөп, иш жүзүндө башка аракеттерди көрүп жатса, Бабановдун куулугу андан ашат.

2017-жылдагы президенттик шайлоодогу КТРКнын дебатында Бабанов менен Жээнбеков кезиккенде, азыркы президент Бабановду “Балапан, сага 25 суроом бар, коррупцияны сенден баштайм!” деп элдин көзүнчө өчүргөн. Бабанов жарытылуу жооп айта алган эмес. Дебат бүткөндө Өмүрбек Бабанов коштоп барган “браты” генерал Өмүрбек Суваналиев экөөсү бир машинага олтурат. Бабанов машинага олтурары менен сөгүнүп, Суваналиевге “Брат,“бийликке келейин, Жээнбековдордун үй-бүлөсүн четинен кырам…” деп ызаланганын кантип жашырат? Азыр президентке каматпай койду деп ыраазы болуп жатканы менен, ичинде өч алуу ызасы кайнап турганы түшүнүктүү эле да.

Булак: “Ring.kg»

Окшош жаңылыктар

Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаты:“Хансарайда жатып алып, баардыгын башкаруу планы ишке ашпай калгандан кийин президент мыйзамдуу болбой калабы?”

Adminring

Атамбаевдин Кой-Таштагы хансарайын ун-май менен камсыз кылган Чыныбай Турсунбеков.

Adminring

Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин төрагасы:“Алмазбек Шаршенович “Мен кааласам 10 миң кишини чогултуп, Ак үйдөн баарыңарды кууп чыкканга күчүм жетет” дейт”

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика