Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСтеги суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 2 млрд куб метрге аз

Бүгүн, 29-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 199 млн куб метрди түздү. Мындай маалымат «Электр станциялары» ААКтын билдирүүсүндө айтылат.

Суунун агып киргени секундасына орточо 314 куб метр болсо, агып чыгуусу — 285 куб метр.

Ал эми 2019-жылы 29-сентябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 17,208 млрд куб метр болчу.

Күнү Агып киргени (суткасына, орточо)
м3
Агып чыгуусу (суткасына, орточо)
м3
Суу сактагычтагы суунун көлөмү
млрд. м3
29.09.2020 314 285 15,199,2
29.09.2019 329 267
17,207,95