Аял кишини тоого алып барып өрттөгөн. Үрөй учурган кылмыштын бети ачылды

2-январь күнү кечинде Бишкек шаарынын Айтматов көчөсүндөгү батирлердин биринде 73 жаштагы К.А.нын сөөгү табылган. Маркум бычактан алган жаракаттан улам каза болгон.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде катталган.

Бүгүн, 13-январда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн борбор калаанын милициясынын тажрыйбалуу кызматкерлеринин ичинен ыкчам тергөө тобу түзүлгөн. Анын жыйынтыгында Биринчи май РИИБдин жана Бишкек ШИИББдин кызматкерлери шектүүнү кармашты. Ал 1980-жылы туулган Ш.И. экендиги аныкталды.

Шектүү мурда соттолгон. Ал кылмышты мойнуна алды. Өзүнүн айтымында, 2020-жылы 29-декабрда карактоо максатында маркумдун батирине кирип барган. Шектүү пенсионерге бычак менен кол салып, бирок акча тапкан эмес. Ал банк картасын таап алып, аны алып, качып кеткен.

Андан тышкары шектүү тергөө учурунда башка кылмыш жасаганын да мойнуна алды. Ал Сокулук айылынын 1953-жылы туулган Г.Н.ны өлтүргөнүн билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, Г.Н. 2020-жылдын 25-октябрынан бери дайынсыз болуп жаткан.

Шектүүнүн айтымында, өткөн жылдын октябрь айында карактоо максатында Г.Н.нын өз үйүндө өлтүрүп, сөөгүн жашыруу үчүн маркумдун жансыз денесин Белогорка айылынын жогору жагындагы тоого алып барып, өрттөп салган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Г.Н.нын сөөгүн өрттөгөн жерди көрсөтүп берди. Ал жерден адамдын калдыктары табылган.

Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Милиция анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерип жатат.

error: Content is protected !!