8 C
Bishkek
25.02.2020
Экономика

Атамбаевди “Арноо концерти” аркылуу туулган күнү менен куттуктоого уруксат берилген жок

Атамбаевди "Арноо концерти" аркылуу туулган күнү менен куттуктоого уруксат берилген жок

КСДП партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков жеке баракчасы аркылуу Алмазбек Атамбаевди “Арноо концерти” аркылуу туулган күнү менен куттуктоого уруксат берилбегенин жазды:

“17-сентябрь  Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Биз аны “Арноо концерти” аркылуу, өзүнүн “Менин Кыргызстаным” деген ыры менен куттуктайлы деп УТРК кайрылганбыз. Бирок, биз “Атамбаевден башка, каалаган адамыңарды куттуктагыла” деген жооп алдык.  Жок дегенде 5 мүнөт кубанып алсын дегенбиз. Кечээ эле “Шеф, туулган күнүңүз менен! Сиз мен үчүн Кудайдан кийинки эле адамсыз” дегендер бүгүн ушундай жооп берип жатышат”, –  деген пост калтырды.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 1956-жылдын 17-сентябрында төрөлгөн.

Окшош жаңылыктар

Мэрия: газ менен жүргөн автобустар шаар бюджетинен акча үнөмдөп жатат

Adminring

Президент маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугат

Adminring

Чоң-Алайда экоцид кылмышы болуп жатат

Adminring
Яндекс.Метрика