Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
12.4 C
Bishkek
14.10.2019
Саясат

Атамбаев мамлекеттик төңкөрүш жасайм дегенин Алга Кылычев ачыктады

Атамбаев мамлекеттик төңкөрүш жасайм дегенин Алга Кылычев ачыктады

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн күнү-түнү чыкпай, Атамбаев дегенде жанын берүүгө даяр болчудай көрүнүп, Атамбаевдин ишенген чоролорунун бири болуп саналган Алга Кылычев өзүнүн “шефинин” кандай пландары болгонун тергөөгө төкпөй-чачпай, баарын ирети менен тизмектеп, Атамбаевге каршы көрсөтмө берип жатканын жактоочу Замир Жоошев айтып чыкты.

Анын айтканы боюнча, Алга Кылычев тергөө менен кызматташуу боюнча келишимге келген.  Алга Кылычев мурунку президент мыйзамдуу бийликти тоготпой, өлкөдөгү стабилдүүлүккө шек келтирген мезгилден баштап анын колтугунда жүргөндүктөн, анын кандай план түзгөнүн, планын кандай ишке ашырууну көздөгөнүн жакшы билет эмеспи.

Ошондуктан, Кылычев Атамбаевдин мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти күч менен басып алуунү көздөгөнүн тергөө кызматына айтып жатпайбы. Алга бир эле Атамбаевге гана эмес, Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев, Мээрбек Мискенбаев жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевге дагы каршы көрсөтмө бериптир. Кылычевдин айтканы боюнча ушул адамдар Кой-Таштагы башаламандыкты уюштурушуп, атайын кызматтын балдарын барымтага алышыптыр.  Көрсө, Атамбаевдин Кой-Таш элдик республикасы деп айтып жатканы жөн сөз эмес экен да. Алганын айткандары баарын ачыктап жатпайбы.

Окшош жаңылыктар

Атамбаевге коюлмак делген үн тыңшагычтар чыры. Прокуратуранын маалыматы.

Adminring

Турсунбек Акун: «Бабанов башынан эле кармашууга дарамети жетпеген, туруштук бере албаган патриот эмес экендигин көрсөттү»

Adminring

Камактагы экс-мэрлер сотко нааразы.

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика