Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
18 C
Bishkek
22.08.2019
Экономика

Атамбаев өмүр бою чатактын ичинде

Атамбаев өмүр бою чатактын ичинде

Менимче, Сооронбайдын күнөөсү жок. Себеби, Сооронбай Атамбаевди кандай салт менен өкмөттөн эмне керек болсо, бүт берип узатты эле. Мындай болору Сооронбайдын түшүнө дагы кирбесе керек. Себеби, угушумда Атамбаев үйүнө чакырып алып, ушундай тескери, өзүнүн жаман оюн ачыкка чыгарып, мен айтканды жасайсың деген приказ бериптир, деп уктук. Угуп отуруп, Сооронбай дагы тирүү адам да, өзүнүн ою, өзүнүн идеясы бар, ишти Атамбаевден артык билсе, өзүнө-өзү, билимине, күчүнө ишенсе, жалпы кыргыз эли шайласа… Эмне үчүн президент болуп туруп, Алмаздын жатып алып приказ берип, мен айткандай иштейсиң дегенге макул болбоду? Эми бул айбанчылыкка кантип чыдайт, кантип ошонун айткандарын аткарат? Бул эми адамга, кудайга да жараксыз буйрук го. Мен билгенден, мына ушундан тартып Сооронбай “жок, сен айткандай болбойт. Мен сиздин буйругуңузду аткара албайм” дегенден тартып, Атамбаев ачыкка чыга баштады. Сооронбайды жамандап, “бул Бакиевдин жолуна түштү” деп.

 Менин оюмча, Атамбаев өмүр бою чатактын ичинде. Алмазга улуу ага катарында кеңеш берер элем: “Укпасаң дагы Алмаз, сен кайра төрөлүп келсең дагы, анча-мынча туугандарыңа, өзүңдүн жан-жоокер шайкаңды чогултсаң дагы, канчалык ишенсең дагы, баягы Атамбаев боло албайсың. Болом деген күндө дагы сенин айтканың жөн аткарылбайт. Жүрүп отуруп өзүн эле уят болуп, эл журттан чыгып каласың. Азыр жанагы тегерегиңдеги, күн-түн дебей, жаныңан чыкпай кайтарабыз, коргойбуз дегендер сенин байлыгың, берген акчаң түгөнөөрү менен бир жерин көрсөтүп, качып жоголот. Буга менин доктурлук көзүм жетип турат.

Адахан сага кеңеш, тынчыдык, оңолдук го деп ишеним пайда болуп калды эле. Жок, эрте ойлонупбуз. Бул адам аман-эсен турганда республикада, кыргыз элинде тынчтык болбойт. Себеби, бул адам өмүр бою ушундай чатак менен келе жатат. Минте албаса, бул оорудан өзү кутулат. Кыргыз элин тынч жашатам десе, өзү айткан, ишенген куралын колдонуп койсо түзүк болоор эле.

Атамбаев өмүр бою чатактын ичинде

Булак: Карикатура Медиа

Окшош жаңылыктар

Мунайзаттын кээ бир түрүнө болгон баалар көтөрүлдү

Adminring

Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 1 миллиард 126,4 миллион долларга жетти

Adminring

Салыктар боюнча эскертүү

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика