Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
24.1 C
Bishkek
22.08.2019
Экономика

Атамбаев Кытайдан кредит алуу үчүн Солтон-Сарыны ит бекер сатканбы?

Атамбаев Кытайдан кредит алуу үчүн Солтон-Сарыны ит бекер сатканбы?

5-августта Нарын облусунда бир топ жарандар Солтон-Сары кенине барып, ал жердеги кен казып жаткан кытайларды айдап чыкты. Бул окуя Кыргызстандын инвестициялык абалына өтө чоң сокку урганы айтпаса деле белгилүү. Ошол эле учурда бул окуя кылдаттык менен уюштурулуп, элди мыйзамсыздыкка түрткөн күчтөр бар экени ачыкка чыга баштады.
Биз дал ушул Солтон-Сарыдагы алтын кендин берилиши, ал жерде жардыруу иштери тууралуу фактыларды иликтеп, жиптин учу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге барып такалганын аныктады. Маселен, аталган кен-байлыкка ээлик кылган “Юр-Азия в Кыргызстане” компаниясы 2004-жылы катталган. Бул кадимки эле жаз айында чуулгандуу уран кенин казып баштаган компания. 2010-жылы компания алтын кенин чалгындоо өткөрүүгө уруксат алып, 2011-жылы геологиялык чалгындоого лицензия алышкан. Ал убакта Кайрат Жумалиев министр болчу. Ошол эле жылдын май айында аталган компания Кызыл-Омполдогу уран кенин чалгындоого дагы лицензия алып, ага министр Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы Чунуев лицензиялык макулдашууга кол коюп, мөөнөтүн узартып берген. Акыркы жолу аталган кен-байлыкты казып иштетүүгө Зилалиев кол коюп, толук укук берген. Ошол учурда Атамбаевдин кытайлар үчүн чоң-чоң кендерди бергени айтылган эле. Бишкек ТЭЦине шарты катаал кредитти алуу үчүн ушул кадамга барган деген кептер да бар.
Эми АША тымызын чатак салып, кан көксөп, карапайым элди дагы бир ирет колдонгону жатат. Атамбаевди Кыргызстандын, Нарындын экологиясы таптакыр кызыктырбайт. Анын максаты эптеп кан төгүп, өлкөдө башаламандык жаратуу менен өч алуу болуп турат. АШАнын аткошчусу Зилалиев болсо түрмөдө мыйыгынан күлүп гана олтурат.
Учурда Нарында АШАнын Алга Кылычов баштаган бир топ адамдары элди козутуп жүрөт. Ал эми социалдык түйүндөрдө жер жайнаган троллдору бул окуя боюнча бийликти айыптап, элди чагымчылдыкка чакырууда. Ушундай ыплас ишти жасап, кайра аны ыплас планы үчүн колдонуп жаткан Атамбаевди эми эл кантип жазалайт?

На изображении может находиться: 1 человек, стоит, костюм и свадьба
На изображении может находиться: один или несколько человек, толпа, небо, облако и на улице
Булак: “Беспредел KG-КР”

Окшош жаңылыктар

Кыргызстанда өстүрүлгөн форелди Оруссияга экспорттоого багытталып, 3 млн доллардык келишим макулдашылды

Adminring

Финансы полициясы Бирдиктүү депозиттик эсепке 7 миллион 572 миң сом өлчөмүндө акча которду

Adminring

Жол консультанттарынын айлыгы суроо жаратты

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика