Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
12.4 C
Bishkek
14.10.2019
Аналитика Башкы жаңылыктар

Атамбаев кармалгандан кийин хаос болуп, мародерчулук орун алганын кабарлайт.

Атамбаев кармалгандан кийин хаос болуп, мародерчулук орун алганын кабарлайт.

Абсурд…

Кыргыз өкмөтүндө Жеңиш Разаков деген бар. Вице премьер-министр. Өкмөттөгү күч структураларын координациялайт. Мына ушул вице-премьер-министр учурда 7-8-августагы Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп жатат.

Жеңиш Разаков кызматына жараша 6-августагы Кой-Таштагы күч структураларынын операциясын координациялаш керек эле. Ал координациялоого милдеттүү болгон операция кандай болгону баарыбызга белгилүү. Шерменде операция айынан УКМКа башчысы Опумбаев кызматтан бошотууну суранган…

Ал операцияда УКМКанын атайын жоокерлеринин башчысынын орун басары, подполковник Үсөнбек Ниязбеков окко учту. Балдары жетим, жубайы жесир, энеси ботом деп боздоп калды. Милициянын Чүй облустук башкармалыгынын башчысы полковник Самат Курманкуловдун башына таш тийип оор жаракат алды. УКМКанын алты жоокери барымтага алынып сабалды, 25 жоокер түрдүү жаракат алды. 55 курал, анын ичинде 15 автомат жоголду.

8-августагы операция да 7-августагыдай шалаакылык, жоопкерсиздик, плансыз, координациянын жоктугу менен башталганын ошол Разаков жетектеген комиссиянын ишинде айтылган маалыматтар кабарлап турат.

Бир эле министр Кашкар Жунушалиевдин 8-августа Кой-Ташта көчөдө топуракка операциянын планын сызып отурганы эмнеден кабар берет?

Атамбаев колго түшүрүлгөндөн кийин анын үйүндөгү курал-жарак, буюм-тайымдардын тергөөчүлөр тарабынан дароо жазылып, саналып алынбаганы эмнеден кабар берет? Ал жерде беш автомат, АШАнын президенттик чынжыры жоголгон. Булардын баары Атамбаев кармалгандан кийин хаос болуп, мародерчулук орун алганын кабарлайт.
Буларга ким жооп берет? Атамбаевди кармоо боюнча операцияны жетектеген Кашкар Жунушалиев менен күч структураларын координациялаган Жеңиш Разаковбу?

Бирок, биздин Кыргызстанда тескерисинче болуп жатат. Бункердеги Атамбаев менен ийгиликтүү сүйлөшүү жүргүзүп, аны каршылыксыз колго түшүүгө көндүрүп, чоң трагедияга жол бербеген генерал Курсан Асанов бөкөчөгө айлантылып, бардык операцияны ойрон кылгандар төрдө отурат.

Демилгени колго алып, кыйчалышта жол таап трагедияга жол бербеген Курсан Асанов Кашкар Жунушалиевдин ич күйдүлүгүнөн куугунтукка алынып, үй камагына салынды. Ага каршы төрт кылмыш иши токулду. Көзгө көрүнгөнү кызмат абалынан кыянат пайдалануу экен. Тубаса кризистик шыгы менен Атамбаевди колго түшүрүү менен генерал “кызматынан пайдаланган экен”…

Абсурддун эң чоңу 7-8-августагы окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссияны Жеңиш Разаковдун жетектешинде эмеспи? Ал өзү координациялоого милдеттүү болгон операциядагы өзүнүн ишине өзү баа береби?

Ошондуктан Разаков комиссия башчылыгын комиссия мүчөсү, калыс генерал Артур Медетбековго өткөрүп бергени эң туура болмок. Муну президент, өкмөт эске алыш керек го…

Айданбек Акматов

Окшош жаңылыктар

Өкмөт башчы уранды казууга кол койгондордун аттарын атады

Adminring

Нарын облусунда жаш дарыгерлердин көйгөйлөрү көтөрүлдү.

Adminring

ЭЙ АЛМАС, УШУЛ СИСТЕМАНЫ СЕН ТҮПТӨП КЕТТИҢ ГО!

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика