«Ата Мекен» фракциясынын лидери алмашты

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери алмашты. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, фракция лидерлигине депутат Сайдулла Нышанов тандалды.

«Ата Мекен» фракциясын буга чейин депутат Айсулуу Мамашова жетектеди. Ага чейин партия лидери Өмүрбек Текебаев фракциянын лидери болчу.

30-мартта «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандаты тизмеде кийинкиде турган Шералы Абдылдаевге берилди. Ал Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси.

error: Content is protected !!