Ат майдан жана музейдеги кылмыш иши сотко өткөрүлдү

Бишкектеги Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Иш бүгүн, 28-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда карала баштайт. Бул тууралуу Жогорку соттон ырасташты.

Улуттук тарых музейи менен Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адам айыпталып жатышат. Алардын арасында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жана экс-премьер-министр Сапар Исаков бар.

Музейдеги коррупция бир жыл мурда ачыкка чыккан. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген. 27-майда бир катар коомдук ишмерлер менен тарыхчылар президент Сооронбай Жээнбековго кат жолдоп, Карыбаеваны күнөөсүз деп эсептей турганын айтышкан. Алар акыйкат сот чечимин чыгарууга бийликти чакырышты.

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу камакта отурган Сапар Исаков буга чейин музей боюнча козголгон кылмыш ишин саясий негизде козголгон деп айткан.

Булак: “Азаттык”

error: Content is protected !!