Америкадагы саякат кемедеги кыргызстандык 2 жаран карантинден чыкты

Америкада «Grand Princess» саякат кемесиндеги Кыргызстандын эки жараны карантинден чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, Америка жана Канададагы элчиликтер аталган жарандар менен дайыма байланышта болду.

13-мартта Кыргызстандын эки жараны кемеден Жорджия штатындагы адистештирилген борборго эвакуацияланып, карантинге алынган болчу. Бир нече жолку тесттен кийин кыргызстандык жарандардан коронавирус инфекциясы аныкталган жок.

«26-мартта аталган жарандар карантинден өткөндөн кийин адистештирилген борбордон кетип, жашаган жерине барганы маалым болду», – деп айтылат билдирүүдө.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика