«Альянс» партиясы тизмесин жарыялады

Бүгүн, 12-октябрда «Альянс» саясий партиясынын III кезексиз съезди болуп өттү.

«Альянс» саясий партиясынын съездинин жүрүшүндө партиянын тең төрагалары болуп Мирлан Жеенчороев жана Жанар Акаев шайланды.

Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин тизмеси, ошондой эле партиянын программасын бекитүү чечими кабыл алынды.

Партия өзүнүн тизмесин жарыялады. «Альянс» партиясынын катарында Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жеенчороев, Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашева, Чыңгыз Айдарбеков, Эрнис Кыязов, Чынара Капарова, Сейтек Качкынбай, Элдар Абакиров бар.

«Бир Бол», «Кыргызстан Либерал-Демократиялык Партиясы» жана «Адилеттүү Кыргызстан» саясий партияларынын лидерлери, саясатчылар «Альянс» партиясын түптөп, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого аттанды.

error: Content is protected !!