Алмазбек Атамбаевге экс-президент макамы кайтарылабы?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча өкүмдү жокко чыгарганын, мурдагы өлкө башчынын эркиндикке чыгышы мүмкүн экенин жар салды.

Мындан улам окуя ушундай нукта өнүксө, Атамбаевге экс-президент макамын кайтарып берүү маселеси көтөрүлүшү мүмкүнбү деген суроо жаралды. Бул тууралуу сеперчилердин оюн уктук.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, мурдагы президенттин кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, эркиндикке чыгуусуна эки себеп бар.

“Биринчиден, учурдагы саясий кырдаалда Атамбаевдин бошотулушу керек болуп турат. Экинчиден, алдыда президенттик шайлоо келе жатат. Азыркы бийликке кырдаалдын курчуп кетиши, Атамбаевдин электораты тараптан оппозициялык маанайдагы аракеттердин кереги жок. Башкача айтканда, аны бошотуу — өлкөдө туруктуулукту орнотууга кадам катары саналат”, — деди Сариев.

Саясий серепчи Эмил Жураев дагы Атамбаевге байланыштуу бул жагдайдын саясий мааниси бар экенин айтат.

“Учурда саясий боёктору бар деп айтылган айрым чуулгандуу кылмыш иштери кайрадан артка кайтарылып жатат. Алмазбек Атамбаевдин иши дагы алардын катарында, анын саясий мааниси бар экенин жокко чыгара албайбыз”, — деди Жураев.

Анын пикиринде, эгер Атамбаевдин буга чейинки кылмыш иштери, соттук чечимдер токтотула турган болсо, экс-президент макамын кайтарып берүү маселеси турушу мүмкүн.

Ал эми депутат жана юрист Дастан Бекешев азырынча Атамбаевге экс-президент макамын кайтаруу тууралуу маселени көтөрүүгө эрте деген пикирде.

“Алмазбек Атамбаевге экс-президент макамын кайтарып берүү боюнча сөз кылууга эртерээк. Себеби соттук иштер дагы алдыда. Анын үстүнө Жогорку соттун коллегиясынын акыркы, расмий чечимин көрүшүбүз керек”, — деди депутат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев Атамбаев азырынча актала электигине токтолду.

“Азыр көпчүлүк резонанстуу иштерди кайрадан соттун кароосуна жиберип коюп жатышат. Ал жакта иш башынан каралып, тиешелүү процедуралар өтүшү керек. Эгер алар Атамбаевди толугу менен актай турган болсо, ошондо гана макамын кайтаруу тууралуу айтса болот”, — деди Осмоналиев.

Ошондой эле ал Атамбаевди макамынан ажыратуу башынан эле мыйзамсыз чечим болгонун кошумчалады.

“Мен Атамбаевди коргобойм, тарапташы эмесмин. Бирок мыйзамдын так аткарылышына кызыкдармын. Кол тийбестигинен, экс-макамынан ажыратуу мыйзам жагынан туура эмес болчу. Ошол кезде бул тууралуу көп айткан элем. Бирок бул кылганы үчүн Жогорку Кеңеш дагы, Башкы прокуратура дагы жоопко тартылган жок. Эгер Атамбаев акталып калса, Жогорку Кеңеш катасын мойнуна алып, экс-президент макамын кайтарып берүүсү керек. Бул укуктук өлкөдө кадыресе көрүнүш”, — деди юрист.

Эске салсак, Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевди беш кылмышка тиешеси болушу мүмкүн деген бүтүм чыгарып, анын негизинде Жогорку Кеңеш экс-президент макамынан ажыраткан.

error: Content is protected !!