Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
-5 C
Bishkek
21.01.2020
Дүйнөлүк жаңылыктар

Алматыда жасалма сот болуп иштеген аял кармалды

Жагынуубу, же жек көрсөтүүбү?

Казакстандын Алматы шаарында прокуратура жалган судья болуп иштеген аял аныкталганын билдирди. Ага ылайык, бул айлакер айым “Адилет” эл аралык арбитраждык деген деген бирикме түзүп алып, бир катар административдик, жарандык жана кылмыш иштерди карап, Казакстан Республикасынын атынан өкүмдөрдү чыгарган.
Шаардык прокуратура тараткан маалыматты “мыйзамсыз соттук актылар менен ал жарандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыраткан, айып пул салган жана тергөө абагынан бошотууга аракет кылган” деп айтылат.
Прокурорлор айлакер аял кантип аныкталганы, канча жасалма сот өткөнү тууралуу маалымат берген жок. Бирок анын уюму жоюлду жана ага “бийлик өкүлүнүн наамын өзүм билемдикке салып ыйгарып алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Эгер анын күнөөсү далилденсе беш жылга чейин эркинен ажыратылмакчы.

Окшош жаңылыктар

Индияда кыргызстандык куткаруучулар катышкан машыгуу өттү

Adminring

Алты жаштагы кызды өрттөөгө шектелген өспүрүм психиатриалык ооруканага жаткырылды (видео)

Adminring

Билим берүү министринин орун басары соттолду

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика