14 C
Bishkek
25.02.2020
Кырсык

Алматыда 100 киши түшкөн учак кулады

Алматыда 100 киши түшкөн учак кулады

Алматыдан Нур-Султан шаарына жол алган “Bek Air” компаниясына таандык учакта 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Маалымат каражаттары жети адам каза болгонун жазууда.

Алматы аэропортунун маалыматы боюнча, учак жергиликтүү саат 7ден 5 мүнөт өткөндө учуп чыгып, бир аз убакыт өткөндөн кийин радардан көрүнбөй кеткен.

“Bek Air” компаниясына таандык учак аэродромдун чегинен тыш жерге кулаган. Тирүү калгандар бар. Кырсыктын жеринде куткаруу кызматтары иштеп жатат” деп айтылат аэропорт тараткан маалыматта.

Учак Алматы облусундагы Гүлдала айылынын жанында кырсыкка учураган.

Окуя болгон жерде тартылган сүрөттөргө караганда, учак курулуп жаткан имараттардын үстүнө кулаган.(BkA)

Окшош жаңылыктар

Базар өртүнүн кезеги Жалал-Абадга келдиби?

Adminring

Балыкчы: батуттан жабыркаган балдардын биринин абалы оор.

Adminring

«Антошка» ашканасынын ижарачысынын бөгөт чарасы аныкталды

Adminring
Яндекс.Метрика