Алмамбет Шыкмаматов министрлик кызматынан баш тартты

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов отставкага кетүү үчүн арыз жазуу ниетин билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 27-сентябрда, мамлекет башчы Садыр Жапаров министрди кабыл алган.

“Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу ээлеген кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирди. Мамлекет башчысы анын отставкасын кабыл алууга даяр экенин айтып, аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирди”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өлкө башчынын жарлыгына ылайык, инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовго “Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чини ыйгарылды.

 

error: Content is protected !!