Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
-1 C
Bishkek
14.12.2019
Дүйнөлүк жаңылыктар

Албанияда жер титирөө кайталанды

Албанияда жер титирөө кайталанды

Албаниянын Дуррес жана Туман шаарларынын миңдеген тургундары жер титирөөнүн кайталануусунан чочулап, бүгүн да спорт аянтчаларында, чатырларда, машиналарда түнөштү. Акыркы маалымат боюнча 27-ноябрда болгон зилзаладан каза тапкандардын саны 31 кишиге жетти. 650 адам жаракат алган. Албаниянын Коргоо министрлиги кабарлагандай, дагы 20дай киши дайынсыз болуп жатат. Издөө-куткаруу иштерине 10дон ашык мамлекет жардам берүүдө.
АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жеткен. Жердин силкинүүсү 27-ноябрда дагы кайталанып, анын күчү 5,3 балл болду.
Албания жер титирөөнүн курмандыктарына байланыштуу 27-ноябрда аза күттү. Ал эми 28-ноябрь – Эгемендик күнүнө белгиленген салтанатуу иш-чаралары токтотулду.
Албания сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкандыктан маал-маалы менен жер силкинүүлөрү болуп турат.

Окшош жаңылыктар

Мусулмандарды кордогон Кытай саясаты сынга алынды

Adminring

АКШда Орусиянын олимпиада комитетинин мурдагы орун басары кармалды

Adminring

Пакистандык укук коргоочу атасы дайынсыз болуп жатканын билдирди

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика