“Ала-Тоо” аянтында өлкөнүн башкы балатысы алынып башталды

“Ала-Тоо” борбордук аянтында өлкөнүн башкы балатысы алынып башталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, алгач “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери ишке киришти. Алар оюнчуктарды жана башка жасалгаларды жыйнап жатышат. Андан кийин балатынын конструкциясын “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери алышат.

Мындан эки күн мурун, “Бишкексвет” ишканасынын кызматкерлер “Ала-Тоо” аянтындагы башка жаңы жылдык инсталляцияларды жана Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын жанындагы жана Ак үйдүн имаратынын жанына орнотулган балатыларды алышты.

Белгилей кетсек, COVID-19 пандемиясына байланыштуу быйылкы жаңы жылдык балаты былтыркы жасалгалар менен кооздолгон.

error: Content is protected !!