Айзаданын окуясы: Дагы бир шектүү кармалды

Ала качылып, андан кийин киши колдуу каза болгон Айзада Канатбекованын окуясына катыштыгы бар делинип дагы бир шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

“Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө ала качууга катыштыгы бар делинген дагы бир шектүү Бишкек шаарынын аймагында жүргөндүгү аныкталып, кармалды. Кармалган жаран 1989-жылы туулган З.Р. экени белгилүү болуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда окуя боюнча тиешелүү тергөө иштери улантылууда”, – дешти мекеменин маалымат кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

error: Content is protected !!