Адвокаттар Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүүдө

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү соттон өтүнүп жатышат.

Адвокат Замир Жоошев билдиргендей, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 14-январда Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча ишин кароону улантат.

Сотто актоочу тарап анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч беришет.

Жогорку сот былтыр 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра кароо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. 10-декабрда биринчи отурум өткөн.

Ага чейин, июнда райондук соттун чечими менен Атамбаев Батукаевдин иши боюнча күнөөлүү деп табылган. Өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген.

Мурдагы президент Кой-Таш окуялары жана башка коррупциялык иштерге байланыштуу да айыпталган. Бул иштердин баары бириктирилип сотто каралууда.

error: Content is protected !!