Адиль Турдукулов: “Атамбаевди Кудай, балдарын пайгамбар көргөн саясат эч нерсеге жарабайт”

– Адиль мырза, Ирина Карамушкина мурунку президенттин балдары “Кыргызстан социал демократтары” деген жаңы партия түзгөнүн айтып чыкты. Анда КСДПнын азыркы төрагасы Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, сиз жок экенсиз. Бул ички тирешүү качан башталган?

– Ачыгын эле айтайын, мен эч ким менен тирешкен жокмун. Атамбаевдин балдары менен да тирешүү болгон жок. Акыркы убактарда Атамбаевдин балдары өзүнчө иш-чараларды уюштуруп, КСДП партиясынын башчылыгы менен кеңешпей кайрылууларды жасап жатканы, “Эмне үчүн ушундай болуп жатат?” деген көп суроолор бизде жаралды. Алар менен сүйлөшөйүн десең да эч кандай байланышка барышпайт. Маселени партиянын ичинде эле өзүбүзчө чече албасак, ачыкка чыгарып чечүүнү да сунуштасак угушпай жатышты. Ошондуктан, маселени массалык маалымат каражаттары аркылуу ачыкка чыгарууну туура көрдүм. Азыр Атамбаевдин эң жакын адамдары болгон уулдары партияны бөлүп-жарбай, тескерисинче бир муштум болуп, бирдиктүү саясий платформа түзүп, башка саясий күчтөр менен сүйлөшүп, шайлоо алдында Атамбаевди абактан чыгаруу жаатында бирдиктүү стратегия менен иш алып барышса, Атамбаевдин өзүнө, Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп айыпталып жаткан адамдарга дагы жардам болот эле. Бирок, Атамбаевдин балдары мындай иштен оолак болушуп, өздөрүнчө түшүнүксүз иштерди жасап жатышат.

– Сизди, Кодуранованы, Жолдубаеваны экс-президент Атамбаевди ачык колдошпой калышкан, Атамбаевди сатып кеткен досу Туйгунаалы Абдраимов менен сүйлөшүүлөрдү башташкан деп айтылды. Ушундай сүйлөшүүлөр болгону чындыкпы?

– Асель Кодуранова Алмазбек Атамбаев менен өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери чогуу келаткан адам. Башка адамдар Атамбаевди саткан учурда дагы, Асель айым кыйын кездерде ал кишини сатып кеткен эмес, ар дайым жанында жүргөн. Керек болсо КСДПнын түптөлүшүнө, өнүгүшүнө дагы чоң салым кошкон адамдардын бири. Азыр Атамбаевди колдобой калды дегендер Кодуранова жасаган иштердин жарымысын дагы жасабагандар, кийин жолдон кошулгандар.

Кундуз Жолдубаева болсо акыркы 2 жылда оппозиция үчүн оор учурда пресс-катчы болуп ийгиликтүү жумуш аткарды. Принциптен тайган жок. Атамбаевдин позициясын элге жеткирүүдө чоң жумуш жасаганын баары эле билет. Ошондуктан, Асель жана Кундуз айымдарды Атамбаевди сатып кетти деген акылга сыйбайт. Ишенүү дагы кыйын. Балким, Абдраимов же башка саясатчылар менен сүйлөшкөндүр. Бирок, маселени партиянын саясий кеңеши чечиши керек.

– Кундуз Жолдубаева Атамбаевди сатпай, азыр деле принципиалдуу экенин көрсөтүп жатпайбы. Маселе кайсыл жактан жаралып жатат?

– Бул Атамбаевдин балдарында саясий тажрыйба жоктугунун белгиси. Жолдубаева, мен саясий тажрыйбабызды партиянын өнүгүшүнө жумшайлы деп жүрдүк. Эгер Атамбаевдин балдарында саясий көрөгөчтүк болгондо, өздөрү Жолдубаевага биринчи болуп кол сунушу керек болчу. Андай жолго барбай, өздөрүнчө саясат жүргүзүп, партияны сектага айлантып, атасынын командасын бөлүп-жарып жатканы мага дагы түшүнүксүз. Бул атасына эч кандай аброй алып келбейт. КСДПнын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып, жок болушуна шарт түзүлүп калышы да мүмкүн.

– Карамушкинанын билдирүүсүндө “Алмаз Атамбаевдин балдарынын популярдуулугунун өсүшү, аларды элдик колдоо, партиялаштардын алардын тегерегине биригүүсү дымагы күчтүү Адил Турдукуловдун кызганычын пайда кылды” деп айтылат. Сеид менен Кадырдын популярдуулугу чын эле өстүбү?

– Мен жеңил-желпи пиардын этабынан өткөм. Фейсбукка жарыялаган сүрөткө лайк басуудагы көрсөткүч менен партиянын аброю өсөт дегендик, алардын саясий көрөңгөсү жоктугун, тайкы экенин, азыркы саясий оор учурда таптакыр башка көрсөткүчтөр болушу керектигин түшүнүшпөй жатканы өкүндүрөт.

– Темирлан Султанбеков ушул интриганы жасап жатат деп КСДПнын өкүлдөрү айтып жатпайбы?

– Темирлан Султанбеков бийликтин же Кремлдин долбоорубу аны билбейм. Эң негизгиси жаш баланын башкаларды түртүп салып, лидерликке жетем дегени жакшы эмес. Азыркы абал анын проблемасы эмес. Ага ишенип, колтугуна кирип кеткен Атамбаевдин балдарынын проблемасы. Партиянын жетекчилигин колго алгысы келсе ала берсин, бирок баарыбызды бириктирип, кеңешип, андан кийин аракет жасашса туура болмок. Саясий кеңештин мүчөлөрү ыңгайсыз абалга туш болдук. Биз партиянын башкаруучу органында турсак дагы, биз үчүн партиянын атынан кандай иштер жасалып жатканын, кайрылуулар болгону табышмак. Бизге айтышпайт, кооптонушат. Атамбаевди Кудай, балдарын пайгамбар көргөн саясат эч нерсеге жарабайт, жакшылыкка алып келбейт. Балдары саясатка аралаша беришсин, ага эч кандай каршылык жок. Алар Атамбаевдин ишене турган адамдары. Ишенген адамдар партияны секта кылбай, Атамбаевди Кудай деп эсептебеген адамдар менен дагы кеңешип иш кылса туура болмок. Биз Атамбаевдин балдарыбыз, биз эле чечебиз деген өздөрүнө аброй алып келбейт.

 

 

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика