Адахан Мадумаров ооруканадан чыкты. Саясатчынын учурдагы абалы

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров президент жана өкмөттүн иш башкармалыгынын атайын ооруканасында дарыланып чыкты. Аталган партиянын өкүлү учурда саясатчынын абалы туруктуу экенин ырастады. Ал Мадумаров он күндөй дарыланганын айтып, бирок эмне болуп ооруганын ачыктаган жок.

Жергиликтүү маалымат булактары анын канындагы канттын деңгээли жогорулап кеткенин жазышкан.

error: Content is protected !!