Абылгазиев Финполго суракка чакырылды


Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматка (Финпол) суракка чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда “Азаттык” радиосуна мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Кайсы иш боюнча чакырылганы айтылган жок.

Бир күн мурда Финпол Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Быйыл июль айында аталган кызмат өкмөт сатып алган «Тез жардам» автоунаалары боюнча иликтөө жүргүзө баштаган.

Cентябрь айында Абылгазиевди коронавирус пандемиясына байланыштуу шалаакылык үчүн жоопко тартууну сунуш кылган арыз Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медицина каражаттарын сатып алуу боюнча тендердеги алешемдик тууралуу Финполиция тергеп жаткан ишке кошулганы кабарланган. Абылгазиев жыштык чырына байланыштуу июнь айында кызматтан кеткен. (RK)