Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
16 C
Bishkek
24.09.2019
Экономика

Абдылдаев дагы абакты “аттайбы”?

Абдылдаев дагы абакты “аттайбы”?

Бүтпөгөн ЖЭБдин “чырлуу” иши боюнча мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дагы суракка чакыртылды. Бишкектин Свердлов райондук сотунда кечээ ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча сот иши уланган. Бул тууралуу камактагы Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди. Териштирүү учурунда Абдылдаевге тергөөчүлөр тарабынан Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде Соода экономикалык маселелер боюнча бөлүм боюнча суроо салышкан. Эрлан Абдылдаевге ушул бөлүмдүн Кыргызстандын президентинин аппаратына, башка министрликтерге «ЖЭБди оңдоого ТВЕА компаниясын гана сунуш кылабыз” деп жиберген каттары боюнча суроолор берилип «Бул каттар Кытай өкмөтүнүн позициясын көрсөтөбү?» деген суроолорго Эрлан Абдылдаев “ооба” деп жооп узаткан. “Ооба” дегени моюнга алгандык болуп чыгабы же ал дагы кайсыл бир жогорку чиновниктин тапшырмасы болуп бүтөбү, ал тергөө иштери аяктагандан кийин билинээр. Ошентсе да, алынган акчалар Кытай тараптан болгондуктан ал түздөн-түз ошол кездеги тышкы иштер министрлигинин катышуусунда болушу толук ыктымал. Демек, Абдылдаевдин да абалы арсар болуп турганы чындык. Азыркы учурда, андан жогорку кызматта турган ал кездеги өкмөт башы Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштап, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын  мурдагы төрагасы Айбек  Калиевдер төштөп абакта  экени белгилүү эмеспи.

Булак: «Факты.kg»

Окшош жаңылыктар

Жыл башынан бери Кыргызстанда 33 киши сууга чөгүп каза болгон.

Adminring

Башкы токойчу Абдыкалык Рустамов менен жардамчысы эки айга камалды

Adminring

Президенттин күйөө баласы миллиондук айыпка жыгылды

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика