Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
24 C
Bishkek
22.08.2019
Саясат

Абдил Сегизбаев: “УКМКнын жетекчиси Опумбаевдин айткан сөздөрүнө ишенбейм”

Абдил Сегизбаев: "УКМКнын жетекчиси Опумбаевдин айткан сөздөрүнө ишенбейм"

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевдин басма сөз жыйынында айткан сөздөрүнө ишенбей турганын айтты. Ал бул тууралуу журналисттерге Ички иштер министрлигине суракка кирип баратып билдирди.

«УКМКнын төрагасынын басма сөз жыйынын көрүп, бул адамдын бир да сөзүнө ишенүүгө болбосун түшүндүм. Мен ошол күнү (7-август) айылда болчумун. Ок атуу башталып, үн чыгаруучу гранаталар жарыла баштаганда эл менен кошо Атамбаевдин резиденциясына барганбыз. Барсак балдарга ок атылып жатыптыр. Мен спецназдарга кайрылып, “атпагыла” деп эки-үч жолу кыйкарганда эле бир-эки үн чыгаруучу граната жарылды. Ошол учурда ок атылып бут жакка тийип, жаракат алдым».

Сегизбаев бутунан жаракат алганын далилдеш үчүн экспертизадан да өтүүгө даяр экенин кошумчалап, «качып баратып бутун кокустатып алган» деген сөздөрдү жокко чыгарды.

Белгилей кетсек бүгүн, 13-августта өткөн басма сөз жыйынында УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев 7-августта Кой-Ташта Абдил Сегизбаевди эч ким атпаганын, ал өзү качып баратып чалынып жыгылганын айткан.

Сегизбаев Кой-Таштагы окуялар боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына сурак берүүгө кирип кетти.

                                                                                                                                Б.Тынчтыкбекова     “Ring.kg”

Окшош жаңылыктар

Чодоңдогон Чодуевдин былыктары чубалууда

Adminring

“Хан-Теӊири” лагеринде адам өлтүрүү фактысы катталды

Adminring

Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаты:“Хансарайда жатып алып, баардыгын башкаруу планы ишке ашпай калгандан кийин президент мыйзамдуу болбой калабы?”

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика