Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
24.1 C
Bishkek
22.08.2019
Кылмыш

Абдил Сегизбаев да жооп береби?

Абдил Сегизбаев да жооп береби?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев кечээ Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына суракка барды. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Сегизбаевдин Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу камакка алынганын жазып чыгышкан эле. Бирок УКМКнын мурдагы терагасынын жакындары бул маалыматты четке кагып, ми­лиция кызматкерлери ИИМге чакыруу тапшыруу үчүн гана келгенин кабарлашты. Азырынча кайсы иш боюнча жана ким катары чакырылганы белгисиз.

Айрым маалымат каражаттары Сегизбаев 11-августта эле ИИМде сурак бергенин жазышты. Бирок милиция бул маалымат туура эмес экенин билдирди.

Абдил Сегизбаев 7-августта мурдагы прези­дент Алмазбек Атамбаевди УКМКнын «Альфа» ыкчам бөлүгү кармаганы барган учурдагы кагылышта жаракат алып, ооруканага жеткирилген эле.

Учурда 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаи­лов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө.

Айрым маалыматтар боюнча, 7-8-августта Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндө болгон кандуу окуянын уюштуруучуларынын бири да Аб­дил Сегизбаев болгон.

Булак: “Майдан.kg” гезити

Окшош жаңылыктар

Кыргыз паспортун мыйзамыз жасагандар кармалды

Adminring

Тарых музейиндеги коррупция …. С.Исаков Атамбаевдин тапшырмасын аткарып жаткан адам катары музейдин жалпы капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп, коррупциялык схемага М. Карыбаева, К. Султановдор тартылган…

Adminring

“Коопсуз шаардын” көзөмөл камералары талкаланганы кабарладынды

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика