Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
-1 C
Bishkek
14.12.2019
Спорт

Кыргызстандык спортчу Авазбек Аманбеков кикбоксингдин WAKO версиясы боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Кикбоксинг федерациясы кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, кикбоксингдин WAKO версиясы боюнча дүйнө чемпионаты 27-ноябрдан 1-декабрга чейин Түркиянын Анталия шаарында өттү. Авазбек Аманбеков 57 килограммга чейин салмакта күч сынашып, финалда түркмөнстандык Пыгы Сылабовду жеңип, дүйнө чемпиону атыкты.

Аманбеков мелдешти чейрек финалдан баштап, алгач мавританиялык Мишел Баулук Фабристи, жарым финалда марокколук Хая Аюбду жеңген.

Авазбек Аманбеков өткөн айда кикбоксингдин лоу-кик түрүнөн дүйнө чемпиондугун утту. Ал ушул эле версияда 2013-жылы да алтын байге уткан. Андан сырткары Авазбек Аманбеков 2017-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөн имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында да чемпион болгон. (GT)

Окшош жаңылыктар

Кыргызстан-Өзбекстан футболчулары беттешет. Орду, убактысы

Adminring

Кыргызстан менен Палестинанын футболчулары 2:2 эсебинде тең чыгышты.

Adminring

КЫРГЫЗСТАН-ПАЛЕСТИНА: АК ШУМКАРЛАР ОЮНГА АК ФОРМА МЕНЕН ЧЫГАТ

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика