9 айда видеокамералардын жардамында миңге жакын кылмыштын бети ачылды

Кечээ, 21-октябрь күнү ИИМдин борбордук аппаратында коомдук кеңештин ачык отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Азамат Батырбаевдин айтымында борбордо коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында эл көп чогулган жерлерге 60 видеокамера орнотулган, анын ичинен 20сы жүздү аныктоо функциясы менен, 20 жөнөкөй жана 20 панорамалык видеокамералар.

Ички иштер министрлиги жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын санариптештирилген командалык борборунун күчү менен облустарда 40 видеокамера орнотулуп, 40 видеокамера онлайн режиминде көрүү үчүн борбордун имаратына киргизилген. Анын жардамы менен видеобайкоо операторлору тарабынан ушул жылдын 25-майынан ушул күнгө чейин 55 укук бузуу аныкталган.

Акыркы 9 айда Бишкекте видеокамералардын жардамы менен Борбордун операторлору 848 кылмыштарды, жоруктарды жана укук бузууларды аныктап, бетин ачышкан. Борбордун кызматкерлери “Коопсуз шаар” долбооруна кирүү мүмкүнчүлүгү бар, Бишкектин көчөлөрүнүн 38 кесилишинде 319 тышкы видеобайкоо камералары орнотулган, алар онлайн режиминде жеткиликтүү (ар бири 6дан 10 камерага чейин).

Борбор ачылгандан бери 2019-жылдын 31-октябрынан азыркы учурга чейин, жогорудагы видеобайкоо камералары Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 55 адамдын (2021-жылдын 9 айында 13 издөөдө жүргөн) жүзүн таанып, кармоого жардам берген“, – деп жазылган маалыматта.

error: Content is protected !!