2023-жылдын 13-июлунда “Кыргызиндустрия” ААКнын президенти Ж.О.Абдураимовдун Италия-Россия соода палатасынын делегациясы менен жолугушуусу болду. Делегацияны Палатанын президенти Фердинандо Пелаццо жетектеп келген.
Жолугушууда айыл чарба жана кен казуу тармактарында эки тараптуу кызматташуунун келечеги, инвестициялар жана “Кыргызиндустрия” ААКнын туунду компаниялары үчүн жабдууларды берүү маселеси талкууланды.
“Кыргызиндустрия” ААКнын президенти лизингдик операциялар чөйрөсүндө кызматташтыкты баштоого кызыкдар экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтык маселесин чечүү үчүн такай байланышып турууга макулдашышты.






