8-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстанда 8-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;
  • Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11;
  • Бийик тоолордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…+4 градус суук болот.
  • 8-апрелде Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 19…21 градуска чейин жылыйт.
error: Content is protected !!