Oops! It appears that you have disabled your Javascript. In order for you to see this page as it is meant to appear, we ask that you please re-enable your Javascript!
24.1 C
Bishkek
22.08.2019
Экономика

27 млн доллар менен Өкмөттүн жыртык-тешиги бүтөлөбү?

27 млн доллар менен Өкмөттүн жыртык-тешиги бүтөлөбү?

Өкмөт Кумтөр алтын кенин иштеткен «Сеntеrra Gold» компаниясы менен стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү шарттары боюнча мунаса тапканын жарыялады. Маалыматта: буга чейинки каралган шарттардан тышкары “Центерра Голд” кыргыз тарапка кошумча төлөмдөрдү төлөөгө макул болгону айтылат. Анын ичинде компания тарабынан жаңы түзүлгөн.

Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна 5 млн. доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм, 12 айдын ичинде дагы 5 млн. долларга бир жолку төлөм, бул фондго «Kumtor Gold Company» компаниясынын дүң кирешесинин 0,4 % эквиваленттүү чегерүүлөр төлөнөт.

Ал эми Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 миллион доллар өлчөмүндө жыл сайын төлөм жана Кумтөр кенинде эки жылдын ичинде 16 миллион доллардан кем эмес суммада геологиялык чалгындоо программаларын каржылоо жүргүзүлөт.

Кумтөр боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү деп аталган стратегиялык келишимге 2017-жылы Сапар Исаков премьер-министр болуп турган учурда кол коюлган. Анда «Центерра Голд» Айлана-чөйрөнү коргоо фондун түзүүгө 50 миллион доллар бөлүп, жыл сайын төлөнчү экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга көтөрүүгө макул болгон. Буга жооп ката­ры Кыргыз Өкмөтү «Центерра Голдго» карата берген эколо­гиялык доодон баш тартмак.

Жаңы шартка ылайык, Кыргыз Өкмөтү соттук доолордон баш тартабы — азырынча белгисиз.

Чынында жаңы келишимде көрсөтүлгөн бул 27 миллион доллар жалпы коомчулук көптөн күткөн жакшы жыйынтык эмес. Кыргыз Өкмөтү дагы эле «далдырап» Кумтөрдүн алтынын казып жаткан «Центеррага» алданып, жемин жедирип жатат.

Булак: “Багыт.kg” гезити

Окшош жаңылыктар

Жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомго чейин жардам берүү сунушталууда.

Adminring

Каржы министрлигинин жол тармагы боюнча 200 миллион сомдон ашуун карызы бар.

Adminring

Бензин кайра кымбаттайт

Adminring
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика