Түптүн акими болуп Бахтияр Акимбаев дайындалды

Бахтияр Акимбаев Түп районунун жаңы акими болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 12-августта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев Түп районунун активине жаңы дайындалган акимди тааныштырды. Премьер-министрдин тиешелүү буйругу 10-августта чыккан.

Б.Акимбаев 1980-жылы Түп районунун Талды-Суу айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 4 кыздын атасы.

1997-2002-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окуган. 2002-2003-жылдары аскер кызматын өтөгөн.

Эмгек жолу:

– 2004-жылы Түп айыл өкмөтүнүн кызматкери;

– 2004-2005-жылдары Түп райондук аскер комиссариатынын кызматкери;

– 2005-2015-жылдары УКМКнын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын кызматкери;

– 2015-жылдан бери УКМКнын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын бөлүм башчысы.

Ал эми Түп районунун мурдагы акими Элчибек Жантаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болгон.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика