20-январда Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз+7…+12,
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10,
- Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,
- Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4,
- Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8,
- Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -2…-7°.
- Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз кар жаайт. Түнкүсүн 0…2, күндүз 8…10°.