16-сентябрдын аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 16-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көлдүн айрым райондорунда өткүн өтөт.

Күндүзү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Ош, Жалал-Абаддын тоолуу аймактарында өткүн өтөт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;
  • Талас облусунда түнкүсүн 7…+12, күндүз +25…+30;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +22…+27.
  • Бишкекте жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, түнкүсүн +28…+30.
error: Content is protected !!