15-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

15-январда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +7…+12,
  • Талас жергесинде түнкүсүн -6…-11, күндүз +9….+14,
  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз +3…+8,
  • Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11,
  • Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5,
  • Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -9…-14° болот.
  • Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз 4…6° болот.
error: Content is protected !!